КУУда санариптик технологияларды билим берүүдө колдонуунун көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды
2019-жылдын 26-июнь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Эл агартуунун эмгек сиңирген кызматкери, профессор Баячорова Батыйгүл Жумадыловнанын 70 жылдык мааракесине арналган "Санариптик технологияларды билим берүүдө колдонуу: көйгөйлөрү жана келечеги" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Жыйынды куттуктоо сөзү менен КУУнун ректору Канат Садыков ачып, "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын" талаптарына шайкеш келген иш чаранын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.
Конференциянын модератору, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин деканы Жылдызбек Какишов бүгүнкү жыйынга И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин, "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин, Улуттук илимдер академиясынын математика жана физика институттарынын, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин өкүлдөрү, "Ulut Soil», "Tungens Lab", "CAPS" IT- компанияларынын жетекчилери катышып жатканын билдирди. - Иш чарага о.э. Аль-Фараби атынданы Казак улуттук университетинин, Польшадагы Люблин техникалык университетинин, Испаниядагы Аликанте Университетинин өкүлдөрү да сырттан катышууда, - деди Ж.Какишов.
Б.Ж.Баячорованы туулган күнү менен КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Сатаров, УИАнын математика институтунун өкүлү, УИАнын корреспондент мүчөсү, профессор П.С.Панков, УИАнын академиги, Кыргызстандын физиктер коомунун президенти, Кыргыз Эл мугалими, профессор А.Ж.Жайнаков, И.Раззаков атындагы КМТУнун проректору, т.и.д, профессор Б.Т.Төрөбеков, КМКТАУнун маалымат технологиялары институтунун директору, т.и.д., профессор Б.Т.Укуев, И.Арабаев атындагы КУУнун өкүлү, п.и.д., профессор Ш.А.Алиев, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлү, профессор Р.Т.Табышев, "Манас" КТУнун математика кафедрасынын башчысы, профессор А.Б.Урдолетова, КУУнун башкаруу жанан бизнес факультетинин менеджмент кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор А.А.Асанова, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин компьютердик технологиялар жана инженерия кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор С.А.Нуржановалар куттукташты.
Маараке ээси, маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин программалык инженерия жана инновациялык технологиялар кафедрасынын башчысы, профессор Баячорова Б.Ж. жагымдуу каалоо-тилек айткан Улуттук университеттин жетекчилигине, башка ЖОЖдордун, УИАнын, чет өлкөлүк ЖОЖдордун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Жыйындын пленардык отурумунда УИАнын корреспондент мүчөсү, профессор П.С.Панков "Независимое компьютерное представление основ кыргызского языка", И.Раззаков атындагы КМТУнун проректору, т.и.д, профессор Б.Т.Төрөбеков "Электронный документооборот современного университета на примере СЭД EDOC", "Ulut Soil" компаниясынын директору М.Т.Окенов "Искуственный интеллект в образовании" деген темада баяндамаларды жасашты.
Түшкү тыныгуудан кийин конференциянын иши секцияларда уланды.